Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Атамбаев "Раим миллионго" байланыштуу сот чечимине пикирин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Райымбек Матраимовго байланыштуу сот чечимине карата өз пикирин билдирди.

“Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду камоо тууралуу чечим – бул “Раим миллиондун” досторунун өч алуусу экени көрүнүп турат” деп эсептейт Атамбаев.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарды.

Эл ичинде "Раим миллион" атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Мыйзам боюнча, райондук чечим акыркы деп эсептелбейт. Тараптар ага каршы шаардык жана Жогорку сотко арызданууга укугу бар.

XS
SM
MD
LG