Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

Пакистанда шайлоо күнкү жардыруудан 28 кишинин өмүрү кыйылды


Пешавар шаарындагы добуш берүү. 25-июль, 2018-жыл.
Пешавар шаарындагы добуш берүү. 25-июль, 2018-жыл.

Кандуу окуя өлкөнүн түштүк-батышындагы Кветта шаарында, шайлоо бекетинин жанында болду. Жергиликтүү расмий өкүлдөр менен дарыгерлердин маалыматына караганда, полиция кербенине каршы уюштурулган жардыруудан кеминде 28 кишинин өмүрү кыйылды.

Кол салуу үчүн азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Буга чейин ушул айдын башында Балучистан провинциясынын Мастунг шаарчасында шайлоо митингин бутага алган жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкер болгон. Анда жанкечтинин жардыруусунан 149 кишинин өмүрү кыйылган.

Пакистанда бүгүн кезектеги парламенттик шайлоо өтүп жатат. Анын натыйжасында Пакистандын эгемен тарыхында бийлик бир өкмөттөн экинчисине демократиялык жол менен экинчи ирет гана өтөрү күтүлүүдө.

342 орундуу парламенттеги орундардын көпчүлүгү үчүн башкы атаандаштар катары өлкөнүн мурдагы крикет чебери, курама команданын мурдагы капитаны, 66 жаштагы Имран Хандын "Пакистан Техриик-и-Инсаф" жана камактагы мурдагы премьер-министр Навази Шарифтин "Пакистан мусулман лигасы" партиялары аталууда.

Шайлоонун коопсуздугун камсыз кылууга 450 миңдей полиция кызматкерине кошумча, 370 миңдей аскер кызматчысы да тартылды. Калкы 200 миллиондон ашуун Пакистанда 106 миллиондой шайлоочу бар. (UE)

XS
SM
MD
LG