“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, Казакстандын фондулук биржасынын таңкы сессиясында бир АКШ доллары 346,30 теңгеге бааланды.
Андан кийин күндүзгү сессия учурундагы соодада доллар курсу 345,90 теңгеге ылдыйлап, кайра соода аяктаганда 346,30 теңгеге чейин чыкты.
Казакстандын экинчи деңгээлдеги банктары бир долларды 348 теңгеге сатса, Алматы менен Астананын акча алмашуу пункттарында максималдуу курс 347,5 теңгеге чейин жетти.
Президент Нурсултан Назарбаев быйыл 16-июлда Улуттук банктын төрагасы Данияр Акишев менен жолукканда “казакстандыктар акча алмашуу курсунун олку-солкулугуна көнүшү керек, бирок бул белгилүү гана чекте болот жана элдин бакыбатчылыгына таасирин тийгизбейт” деп айткан.
Мында төрт ай мурда, мартта Казакстандын курсу 318 теңге болчу. Улуттук банк 25 -июлда расмий курсту 344, 64 теңге деп белгиледи. (UE)