Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:32

Отунбаева Иликтөөчү журналисттер фондун негиздөөгө пенсиясынан 1 миллион сом бөлдү


Роза Отунбаева.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Иликтөө журналистикасынын фондун түптөөгө алгачкы салым катары өз пенсиясынан 1 миллион сом бөлдү.

“Иликтөө журналистикасынын мезгили келди. Коррупцияга каршы күрөшүүдө ал башкы мааниге ээ. Мына ушуга байланыштуу Иликтөө журналистикасынын фондун негиздөөнү сунуш кылам. Фонд ачык иштеп, көз каранды эмес, кадырлуу адамдардын, эксперттердин көзөмөлүндө болушу керек” деди Отунбаева Уланбек Эгизбаевге арнап жазган блогунда.

Коррупциялык былыктардын жүзүн ачкан бир топ ири иликтөөлөрдүн автору, "Азаттык" радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада 28 жашында каза болду. Милиция ал сууга чөгүп кеткенин билдирүүдө.

Пикирлерди көрүңүз (27)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG