Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Орусияда “эне тилдер” боюнча талаштуу мыйзам кабыл алынды


Орусиянын "эне тилдер" боюнча жаңы мыйзамына каршы чыккандардын Якутиядагы нааразылыгы. 7-июнь, 2018-жыл.
Орусиянын "эне тилдер" боюнча жаңы мыйзамына каршы чыккандардын Якутиядагы нааразылыгы. 7-июнь, 2018-жыл.

Мамлекеттик Дума Орусияда “улуттук тилдерди” мектептерде окутуу тартибин караган мыйзамды 25-июлда акыркы окууда кабыл алды.

Эми парламенттин жогорку палатасы - Федерация Кеңеши мыйзамды жактырып, президент кол койсо, анын талабына ылайык, Орусиянын улуттук аймактары менен республикаларында түпкүлүктүү улуттун тилин милдеттүү окутуу тартиби жоюлат.

Улуттук республикалар менен аймактарда жашаган орустардын даттануусуна жооп иретинде былтыр президент Владимир Путин ал аймактарда балдар эне тили болбогон тилди окууга мажбурланбашы керек экенин билдирген.

Орус президентинин бул нускоосу ошол аймактардын мектептеринде түпкүлүктүү улуттун тилдерин милдеттүү окуткан класстардын жоюлушуна алып барган.

Бул өз кезегинде орус тили менен катар жергиликтүү тилдер да расмий макамга ээ болгон Түндүк Кавказда, Волга чөлкөмүндө, Сибирь менен Ыраакы Чыгыштагы улуттук аймактар менен республикаларда нааразылыктарды жараткан. (UE)

XS
SM
MD
LG