Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Иранда валюта кризисинен улам борбордук банктын башчысы алмашты


Риал наркын жоготконуна байланыштуу Тегерандагы нааразылык. 25-июнь, 2018-жыл.
Риал наркын жоготконуна байланыштуу Тегерандагы нааразылык. 25-июнь, 2018-жыл.

Президент Хассан Роухани Ирандын Улуттук банкынын башчысын улуттук акча риалдын куну кетип жаткан шартта алмаштырды.

Мамлекеттик ИРНА жаңылыктар агенттиги 25- июлда кабарлагандай, башкы банктын башчылыгына Абдолнассер Химати дайындалды.

61 жаштагы Химати буга чейин Ирандын Борбордук камсыздандыруу компаниясын башкарган. Ага чейин коммерциялык банктарды да жетектеген.

Ирандын Улуттук банкы өлкө кабылган валюта кризисинде талаптагыдай чара көрө албаганы үчүн кескин сынга кабылууда.

Былтыртан бери риалдын америкалык долларга карата курсу 50 пайыздан ашык түштү. Бүгүн Иранда расмий курс боюнча бир долларды 43 776 риалга сатып алууга болот. Ал эми көмүскө базардагы курс мындан эки эседен ашат. (UE)

XS
SM
MD
LG