Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Пакистанда шайлоо күнкү жардыруу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Кветта шаарында жанкечти өзүн жардырган жер. 25-июль, 2018-жыл.
Кветта шаарында жанкечти өзүн жардырган жер. 25-июль, 2018-жыл.

Кандуу окуя өлкөнүн түштүк-батышындагы Кветта шаарында, шайлоо бекетинин жанында болду. Жергиликтүү расмий өкүлдөр менен дарыгерлердин маалыматына караганда, жардыруудан кеминде 31 кишинин өмүрү кыйылды, дагы 35 киши жарадар болду.

Күбөлөрдүн айтымында, өлгөндөр менен жарадарлардын көбү шайлоочулар.

Кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алды.

Буга чейин ушул айдын башында Балучистан провинциясынын Мастунг шаарчасында шайлоо митингин бутага алган жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкер болгон. Анда жанкечтинин жардыруусунан 149 кишинин өмүрү кыйылган.

Жалпысынан июнь айынан бери шайлоо өнөктүгүнө байланышкан кыянатчылыктардан 180ден ашуун киши, анын ичинде үч талапкер мерт болду.

Пакистанда бүгүн кезектеги парламенттик шайлоо өтүп жатат. Анын натыйжасында Пакистандын эгемен тарыхында бийлик бир өкмөттөн экинчисине демократиялык жол менен экинчи ирет гана өтөрү күтүлүүдө.

342 орундуу парламенттеги орундардын көпчүлүгү үчүн башкы атаандаштар катары өлкөнүн мурдагы крикет чебери, курама команданын мурдагы капитаны, 66 жаштагы Имран Хандын "Пакистан Техриик-и-Инсаф" жана камактагы мурдагыпремьер-министр Навази Шарифтин "Пакистан мусулман лигасы" партиялары аталууда.

Шайлоонун коопсуздугун камсыздоого 450 миңдей полиция кызматкерине кошумча, 370 миңдей аскер кызматчысы да тартылды. Калкы 200 миллиондон ашуун Пакистанда 106 миллиондой шайлоочу бар. (UE)

XS
SM
MD
LG