Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Ысык-Көлдө пансионатта чыккан өрт өчүрүлүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт 25-июлда Ысык-Көл районундагы Кожояр айылында жайгашкан пансионаттардын биринен чыккан. Тилсиз жоо тууралуу маалымат кечки саат 18.24тө түшкөн.

Аны өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү топ тартылды. Азыр өчүрүү иштери уланууда. Интернетте өрт чалган пансионаттын сүрөттөрү, видеолору тарап жатат. Анда тилсиз жоо "Лагуна сити" эс алуу жайында болгону, өрт пансионаттагы башка имараттарга да тарап жатканы жана жабыркагандар бар экени айтылган.

ӨКМ өрттөн жабыркагандар тууралуу маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG