Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

Ысык-Көл: Пансионаттагы өрттөн үч киши жабыркады


Ысык-Көл районунун Кожояр айылындагы өрт. 25-июль, 2018-жыл.
Ысык-Көл районунун Кожояр айылындагы өрт. 25-июль, 2018-жыл.

Ысык-Көл районунун Кожояр айылындагы пансионатта чыккан өрттөн үч киши жабыркады. Бул тууралуу Кожояр айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан Табылдиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, өрт пансионаттагы имараттардын биринен чыгып, калгандарына жайылган. Жалпысынан он коттеж өрттөнгөнү тууралуу маалымат бар.

- Турак-жай өрттөнүп атканда ичинен жардам сурап чакыргандарга жергиликтүү балдар кирген. Ошондо газ жарылып, үчөө күйүк алышты. Аларды Ананьево айылындагы ооруканага алып кетишти. Абалы жакшы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт 25-июлда Ысык-Көл районундагы Кожояр айылында жайгашкан пансионаттардын биринен чыккан. Кырсык тууралуу маалымат кечки саат 18.24тө түшкөн.

Аны өчүрүүгө жалпы үч өрт өчүрүүчү топ тартылды. Азыр өчүрүү иштери уланууда. Интернетте өрт чалган пансионаттын сүрөттөрү, видеолору тарап жатат. Анда кырсык "Лагуна сити" эс алуу жайында болгону, өрт пансионаттагы башка имараттарга да тарап жатканы жана жабыркагандар бар экени айтылган. Өрттүн эмнеден чыкканы азырынча белгисиз. (NT/AsM)

XS
SM
MD
LG