БРИКС өлкөлөрүнүн 25-июлда Түштүк Африка Республикасынын Йоханнесбург шаарында ачылган 10-саммитинде негизги көңүл эл аралык соода согуштарына, глобалдык соодада мамилелердеги “кризиске” бурулганы жатат.
БРИКСке өнүгүп келе жаткан Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы мүчө.
Саммиттин конок ээси - Түштүк Африка Республикасынын соода министри Роб Дэйвистин АКШнын жаңы бажы тарифтерин, айрым өлкөлөрдүн ага каршы жооп чараларын эске алуу менен айткандарына караганда, азыр “көп тараптуу глобалдык соода системасы кризиске кабылган учур” болуп турат.
Саммит 25-июлда соода форуму менен башталды. Ал эми мамлекет башчыларынын расмий сүйлөшүүлөрү эртеңкиге белгиленген.
Кытайдын президенти Си Цзиньпин саммиттин ачылышындагы сөзүндө БРИКС өлкөлөрүн “протекционизм менен бир тараптуулукка” каршы турууга чакырып, глобалдык соода согушунда “эч ким жеңишке жетпей” турганын белгиледи.
Анын мындай сөздөрү дүйнөдөгү экономикасы эң ири АКШ менен Кытайдын соода мамилеси чыңалып турган учурда айтылды.
БРИКСтин быйылкы саммитине катышууга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Африканын бир нече мамлекетинин лидерлери да чакырылган.
Бул уюмга кирген мамлекеттерде дүйнө калкынын 40% жашайт. (UE)