Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:08

АКШ “Крым декларациясын” жарыялап, Трамп-Путин жолугушуусу 2019-жылга калды


Майк Помпео.
Майк Помпео.

Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун 25-июлда жарыялаган билдирүүсү “Крым декларациясы” деп аталат. Анда “АКШ Орусиянын Крымды аннексиялаш үчүн көргөн аракетин четке кагат жана бул саясатты Украинанын аймактык бүтүндүгү толугу менен калыбына келгенче карманууга милдеттенме алат. Кошмо Штаттар Орусияны Крымды оккупациялоону токтотууга чакырат”, - деп айтылат.

Декларация мамлекеттик катчы АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинде маалымат берээр алдында жарыяланды.

Крымдын 2014-жылы аннексиясын тааныбоо АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын учурундагы эле саясаты болгон. Ал эми мамлекеттик катчы Майк Помпеонун жаңы билдирүүсү муну дагы бир жолу ырастап, азыркы администрациянын позициясына тактык киргизүү максатын көздөгөндөй.

Ал арада Ак үй президент Дональд Трамп орус президенти Владимир Путин менен экинчи жолугушуусун 2019-жылга чейин токтото турарын билдирди.

Буга атайын прокурор Роберт Мюллер Орусиянын 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөө жүргүзүп жатканы жүйө келтирилди.

16-июлда Хелсинкиде Путин менен болгон жолугушуусун “ийгиликтүү” деп баалаган Трамп орус президентин быйыл күзүндө Вашингтонго чакырары өткөн аптада маалым болгон.

Буга байланыштуу 24-июлда Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков орус президенти Вашингтонго баруу жөнүндө чечим кабыл алуудан мурда Хелсинкидеги жолугушуунун “чаңы тарашын” күтөөрүн билдирген.

Путин менен Хелсинкиде өткөн басма сөз жыйынында, 16-июлда жасаган айрым билдирүүлөрү үчүн Трампты өз мекенинде оппоненттери, өнөктөштөрү, медиа каражаттары кескин сындап чыгышкан. Эртеси ал айрым сөздөрүнө тактоо киргизип, Орусиянын 2016-жылдагы шайлоого кийлигишкени боюнча АКШнын чалгын жамаатынын бүтүмүнө макул экенин, бирок анын шайлоо штабы менен Орусиянын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун белгилеген. (UE)

XS
SM
MD
LG