Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Ичеги-карын оорусуна чалдыккан үч бала оор абалда реанимацияда жатат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Жугуштуу илдеттер боюнча республикалык оорукананын реанимациясында учурда үч наристе оор абалда жатат. Бул тууралуу 26-июлда “Азаттыкка” башкы дарыгер Гүлжигит Алиев билдирди.

Анын айтымында, жайкысын ичеги-карын ооруларына чалдыккандар көбөйдү.

- Бир күндө 270-300 адам келип жатат. Орун жетиштүү, батпагандарын коридорго жаткырып жатабыз. Негизинен ичеги-карын инфекциясына чалдыккандар. Оор абалда келгендери да бар. Азыр үч бала реанимацияда. Абалы оор. Бирөө жасалма дем алдыруу аппаратында, - деди Гүлжигит Алиев.

Дарыгерлер жайкысын мөмө-жемишти жууп жеш керек экенин, жеке гигиена эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертип жатышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG