Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Помпео: Түндүк Корея өзөктүк материал чыгарууну улантууда


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу жөнүндө убадаларына карабастан өзөктүк куралга керектүү отунду өндүрүүнү улантууда. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 25-июлда Сенаттын Тышкы иштер комитетинде Демократиялык партиянын сенатору Эд Маркинин суроосуна жооп берип жатып билдирди:

- Мен болгону жашыруун маалыматты ачыкка чыгарып албоого аракет кылып жатам. Ооба, алар өзөктүк материал чыгарууну улантууда, - деди Майк Помпео.

Сенаторлордун көбү расмий Пхеньяндын денуклеаризация маселеси боюнча убадалары канчалык аткарып жатканына кызыгышты. Мамлекеттик катчы "сабырдуу дипломатия" аркылуу айрым жылыштар жасалып жатканын, бирок бул процесстин узарып кетишине жол берилбестигин айтты.

Быйыл 12-июнда АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери тарыхта биринчи жолу кездешишкен. Сингапурдагы саммиттен кийин президент Дональд Трамп Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жараяны “абдан тез башталат” деп жарыялаган.

Бирок өткөн аптада президент Трамп Түндүк Корея менен денуклеаризация маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдө шашылыш кадамдар ташталбай турганын, бул процесс убакыт менен чектелбестигин билдирди.

XS
SM
MD
LG