Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

БУУ: Кыргызстан эне өлүмү боюнча Борбор Азия менен Чыгыш Европада биринчи орунда турат


Трибунада Бактыгүл Бозгөрпиева.
Трибунада Бактыгүл Бозгөрпиева.

Кыргызстан эне өлүмү боюнча Борбор Азия менен Чыгыш Европада биринчи орунда турат. Жылына орто эсеп менен 50-60 аял төрөттөн көз жумууда.

Бул тууралуу 26-июлда Ош облусунун Өзгөн районунда тукум улоочулук саламаттык маселесине арналган жыйында сүйлөп жатып Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун өкүлү Бактыгүл Бозгөрпиева билдирди.

Өлүмгө себеп болгон жагдайлардын башында социалдык-экономикалык оор абал, үй-бүлөдөгү зомбулук жана миграция турат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда төрөт курагындагы аялдардын саны 1 миллион 700. Алардын 400 минден ашыгы бойго болтурбоочу каражаттарды колдонот.

Жылына расмий катталып бойдон алдыруулардын саны 20 миң болуп, аборттон жылына 2-3 аял каза табууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG