Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) быйылкы жылдын биринчи жарымында 981 мыйзам бузуу фактысын аныктады. Бул маалыматтар мекеменин жетекчилеринин Бишкекте өткөн атайын басма сөз жыйынында жарыяланды.
Топтолгон материалдар каралгандан кийин 715 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Жалпысынан бул арада мамлекет тарткан зыян 4 миллиард сомго жакындаган.
Мындан сырткары январь-июнь айларында Финансы полициясы териштирген материалдардын негизинде башка органдар 238 кылмыш ишин козгогон. (ErN)