Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Индиялык студенттер айыптап жаткан жетекчи кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык илим жана бизнес университетинин Камкордук кеңешинин төрагасы Нургалы Асаналиев кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бир нече күн мурда университетте Индиядан келип окуп жаткан 50дөн ашуун студент Асаналиев алардан ири суммада акча алып, бирок окуусун аяктоого мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтып, даттанышкан.

Алар басма сөз жыйынын уюштуруп, Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу видеокайрылуу таратып, Кыргызстандын жетекчилигинен жардам сурашкан. Студенттер Асаналиев ар биринен 2900 доллар алып, квитанция бербей койгонун айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG