Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Пакистан: Имран Хан шайлоодо жеңгенин жарыялады


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистанда мурдагы крикет жылдызы Имран Хан өз партиясы шаршембидеги парламенттик шайлоодо жеңгенин жарыялады. Анын кайрылуусун 26-июлда Пакистандын улуттук телеканалы көрсөттү.

Азырынча добуштардын жарымына жакын саналып бүттү. Алардын алгачкы жыйынтыгы боюнча, Хандын "Техрик-е-Инсаф" партиясы 272 округдун 113үндө алдыга чыкты.

Азыр камакта отурган мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин "Пакистандын мусулмандар лигасы" партиясы 60 мандатка ээ болот деп күтүлүүдө. Бирок бул партияны шайлоого жетектеп барган Шахбаз Шариф добуштар бурмаланганын айтып чыкты.

“Биз толугу менен жыйынтыкты четке кагабыз", - деди мурдагы премьердин иниси Шахбаз Шариф. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо таза өткөнүн белгилеп, добуштарды саноо техникалык мүчүлүштүктөн улам гана кечеңдеп жатканын билдирди.

Киши колдуу болгон мурдагы өкмөт башчы Беназир Бхуттонун уулу Билавал Бхутто жетектеген "Пакистан элдик партиясы" 39 округда алдыга чыкты.

Хандын партиясы парламентте көпчүлүктү түзүү үчүн 137 мандатка ээ болушу керек.

XS
SM
MD
LG