Түштүк Африка Республикасынын Йоханнесбург шаарына чогулган БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери протекционизмге жана соода алакаларындагы чектөөлөргө каршылыгын билдиришти.
"Биз көп улуттуу соода системасы буга чейин болуп көрбөгөн кыйынчылыктарга туш болуп жатканын сезип турабыз. Биз дүйнө экономикасынын ачык болушунун маанилүүлүгүн баса белгилейбиз. Дүйнөлүк соода уюмуна кирген өлкөлөрдү бул уюмдун эрежелерин сактоого чакырабыз",-деп айтылат 26-июлда лидерлердин расмий сүйлөшүүсүнөн кийин кол коюлган коммюникеде.
Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка лидерлеринин саммити быйыл 10-жолу өтүп жатат. Йохеннесбургдагы жыйынга БРИКС уюмуна кирбеген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да катышты.
БРИКСтин саммити АКШ президенти Дональд Трамп "адилетсиз" соода саясатын жүйө кармап, Кытай, Европа, Орусия, Канада жана Мексикадан импорттолгон товарларга "кошумча бажы төлөмүн киргизебиз" деген эскертүүлөрдү айтып жаткан учурда өтүүдө.
Андыктан 25-июлдан 27-июлга чейин созула турган бул саммитте негизги көңүл эл аралык соода тирештерине жана глобалдык соода алакалардагы кыйынчылыктарга бурулуп жатат.
Кытайдын президенти Си Цзиньпин саммиттин ачылышында БРИКС өлкөлөрүн “протекционизм менен бир тараптуулукка” каршы турууга чакырып, глобалдык соода согушунда “эч ким жеңишке жетпей” турганын белгилеген.
БРИКС уюмуна кирген мамлекеттерде дүйнө калкынын 40% жашайт. 2019-жылы саммит Бразилияда өтөт.