Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Трамп Түркиядан америкалык пасторду бошотууну талап кылды


Пастор Эндрю Брансон.
Пастор Эндрю Брансон.

АКШ президенти Дональд Трамп эгер Түркия үй камагындагы америкалык пастор Эндрю Брансонду бошотпосо, Вашингтон Анкарага "чоң санкцияларды" киргизерин билдирди.

"Ал абдан кыйналды. Динди карманган бул бейкүнөө адам дароо бошотулушу керек",-деп жазды Трамп 26-июлда "Твиттердеги" барагына.

Андан бир саат мурда АКШнын вице-президенти Майк Пенс да Түркиядан Брансонду бошотууну талап кылып, болбосо анын кесепетине даяр болууга чакырган.

Түркияда жыйырма жылдан ашуун жашаган христиан пастору 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып, кийинчерээк ага "терроризм жана тыңчылык” беренелери боюнча айып тагылган. Түрк бийлиги аны Америкада бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине жардам берген жана күрт жикчилдерин коргогон деп айыптап жатат. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, ал 35 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Америкалык пастор өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Брансон 25-июлда тергөө абагынан үй камагына чыгарылды. Былтыр сентябрда түрк бийлиги эгер АКШ Гүленди Анкарага өткөрүп берсе, Брансон бошотуларын билдирген.

XS
SM
MD
LG