Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Укук коргоо органдары Эгизбаев жана Баялиевге келген каттар тууралуу маалымат бере элек


Уланбек Эгизбаевдин сөөгү Кочкор районунун Көк-Жар районунда жерге берилди. 24-июль, 2018-жыл.
Уланбек Эгизбаевдин сөөгү Кочкор районунун Көк-Жар районунда жерге берилди. 24-июль, 2018-жыл.

Кыргызстандын укук коргоо органдары «Азаттыктын» кабарчысы маркум Уланбек Эгизбаевге жана ал көзү тирүүсүндө даярдаган “Көрүстөндөгү коррупция” телепрограммасына катышкан Бишкектеги ритуалдык кызматтын мурдагы кызматкери Максат Баялиевге келген бош конверттер тууралуу маалымат бере элек. Баялиевге актай барак салынган конверт 18-июлда келгени белгилүү болду. Ал аны журналист Уланбек Эгизбаев каза болгондон кийин коомчулукка жарыялады.

- Ичинде актай эле А4 барагы бар. Ал эми сыртында Бишкек шаары, Үсөнбаев 24-үй, 4-батир деп жазылып турат.

“Кыргыз почтасы” аркылуу жиберилген ушундай эле кат 16-июлда Уланбек Эгизбаевге да келген. Ага жөнөтүлгөн эки конверттин ичинде актай барактар салынган. "Азаттык" конверттердин чоо-жайын тактап жатат.

“Көрүстөндөгү коррупция” телепрограммасы быйыл 30-майда чыккан. Анда Бишкекте көптөн бери көйгөй жаратып келаткан көрүстөн маселеси козголуп, жер жетишээрлик экени, бирок кабырларды сатуу бизнеске айланып кеткени айтылган. Бул көрсөтүү коомдо кызуу талкуу жараткан. Азырынча ага укук коргоо органдары реакция кыла элек.

Бош конверттер туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кийинчерээк маалымат берээрин билдирди. Ички иштер министрлиги комментарий бере элек.

Курч иликтөөлөрү менен белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн маалда каза болгон. Сөөгү өзү туулуп-өскөн Кочкор районунун Көк-Жар айылына коюлду.

Милициянын баштапкы жыйынтыгында 28 жаштагы журналист көлгө чөгүп кеткени айтылган. Экспертизага катышкан анын жакындары маркумдун бутунда так бар экенин байкашкан. Милиция бул тактар эмнеден экени бир айдан кийин, соттук-медициналык экспертизанын толук жыйынтыгы чыккан соң белгилүү болоорун айткан.

"Азаттык" Уланбек эс алган "Акун" пансионатына барганда маркум сууга чөккөн жерде тайыз болуп келатып эле болжол менен 2,5 метрдей терең кеткен ойдуң бар экени маалым болду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG