Быйыл жыл башынан бери бюджетке 3 миллиард 914 миллион сом зыян келтирилди.
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди. Маалыматка караганда, 2018-жылдын биринчи жарымында 981 факты катталган. Материалдарды карагандан кийин мунун 715и боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55ке көп. Келтирилген зыяндын 2 миллиард 387,1 миллион сому мамлекетке кайтарылды.
Финансы полициясы акыркы аптада контрабандалык жол менен ташылып келген транспорт каражаттарын көп аныктаган.