Президенттик аппараттын алдында интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун «Баланын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук уюмунун директору Назгүл Турдубекова менен жолугушуусунда айтылды.
Топтун курамына коомдук уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.
Жээнбеков балдардын үй-бүлөдө чоңоюу укугун камсыз кылуу маанилүү экенин, анткени татыктуу адамды жана жаранды өстүрүү бала ата-энесинин жана жакындарынын камкордугуна, мээримине бөлөнгөн үй-бүлөдө гана мүмкүн болорун баса белгиледи.
Назгүл Турдубекова үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча 10 жылдык улуттук программаны колдогону үчүн президентке ыраазычылык билдирди. Укук коргоочу бул маселелерди президенттин жарандык коомдун өкүлдөрү менен 19-июлда өткөн жолугушуусунда айткан эле.