Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:01

Греция: 82 киши мерт болгон өрт атайылап коюлган болушу мүмкүн

Өрттөн жабыр тарткан аймактын учактан тартылган сүрөтү. 25-июль, 2018-жыл.
Өрттөн жабыр тарткан аймактын учактан тартылган сүрөтү. 25-июль, 2018-жыл.

Бул тууралуу Грециянын коргоо министринин орун басары Никос Тоска билдирди. Анын айтымында, жандоочтон тартылган сүрөттөр борбор Афинынын батыш тарабында өрттүн бир нече очогу чукул арада пайда болгонун көргөзүүдө. “Бул жерде өрт атайылап коюлганынын белгилери бар”, -деди Тоска.

Грецияда акыркы ондогон жылдар ичинде эң масштабдуу өрт 23-июлда башталган, андан каза тапкандар 82 кишиге жетти.

Жалындын ыкчам тарап кетишин адаттан тышкары ысык аба ырайы жана катуу шамал шарттаган. Өрттү өчүрүү иштерине Италиянын, Испаниянын, Кипрдин, Румыниянын өрт өчүргүчтөрү менен учактары да жардам берди. (UE)

XS
SM
MD
LG