Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Денис Тендин өлүмү боюнча шектүүлөрдүн үчүнчүсү кармалды


Денис Тен Лос-Анжелесте өткөн Көркөм муз тебүү боюнча чемпионатта. 26-март, 2009-жыл.
Денис Тен Лос-Анжелесте өткөн Көркөм муз тебүү боюнча чемпионатта. 26-март, 2009-жыл.

Казакстанда спортчу Денис Тендин өлүмү боюнча шектүүлөрдүн үчүнчүсү кармалды. Бул тууралуу 27-июлда өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Марат Ахметжанов Астандагы брифингде билдирди. Ахметжанов анын аты-жөнүн тактаган жок.

Бир күн мурда социалдык тармактарда Тендин туугандарынын билдирүүлөрү чыккан. Анда алар спортчуга кол салган жерде токтоп турган машиненин ээлерин толук маалымат топтоого жардам берүүгө чакырышкан.

Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медаль тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган. Буга чейин полиция Дениске кол салууга байланыштуу шектүү эки адам кармалганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG