Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

28-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

28-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29,

Таласта түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30,

Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34,

Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...14, күндүз 22...27,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 27…29 градуска жетет.

XS
SM
MD
LG