Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Арменияда мурдагы президентке айып коюлду


Серж Саргсян (солдо) жана Роберт Кочарян (оңдо). 2008-жыл.
Серж Саргсян (солдо) жана Роберт Кочарян (оңдо). 2008-жыл.

Өлкөнүн экинчи президенти Роберт Кочарян ага коюлган айыпты өлкөнүн азыркы бийлигинин “саясий куугунтугу” деп баалады.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун армян кызматы кабарлагандай, "бул айдан-ачык саясий куугунтук, вендетта", - деди Кочарян жергиликтүү "Еркир медиа" телеканалы менен болгон маегинде.

Армениянын Атайын тергөө кызматы 26-июлдагы сурактан кийин Кочарянды 2008-жылдын 1-мартындагы окуяларга байланыштуу "башка адамдар менен күн мурунтан келишүү аркылуу конституциялык түзүлүштү кулатуу" деген айып койду.

2008-жылдын 1-мартында президенттик шайлоодо мурдагы президент Серж Саргсян жеңишке жеткенден кийинки массалык нааразылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкан.

Ал кагылышуулардын натыйжасында кеминде он адамдын өмүрү кыйылып, жүздөгөн киши жабыркаган. Бирок андан бери он жыл убакыт өтсө да ошол он кишини өлүмүнүн жагдайлары аныкталбай келатат.

Бул иш боюнча Армениянын мурдагы коргоо министри Микаэл Артюнанга айып коюлуп, издөө жарыяланган.

Мамлекетти 1998-2008-жылдары башкарган Роберт Кочарян 2008-2018 -жылдардагы президент, быйыл апрелде массалык толкундоолордун натыйжасында кызматтан кетүүгө аргасыз болгон Серж Саргсяндын саясий өнөктөшү болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG