Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Сот Матраимовду колдогон чечимин түшүндүрдү


Райымбек Матраимов (солдо).
Райымбек Матраимов (солдо).

Сот Райымбек Матраимовдун арызын канааттандырунун себебин түшүндүрдү.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту тараткан маалыматта ал “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды бузганы тууралуу далил табылбаганы, аны жазалоого негиз болуучу кызматтык иликтөө жүрбөгөнү жана тартип комиссиясынын бүтүмү болбогону айтылат.

Ошону менен катар Матраимов стационардык дарыланууда жүргөн маалда иштен алынганы, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын аны бошотуунун себептери көрсөтүлгөн сунуш болбогону негизги жүйө катары келтирилди.

25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Эл ичинде "Раим миллион" атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG