Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Трамп мурдагы адвокатынын айткандарын четке какты


Майкл Коэн жана Дональд Трамп.

АКШ президенти 27-июлда "Твиттердеги" баракчасында анын “уулунун жолугушуулары тууралуу билбей турганын” дагы бир жол кайталады. Ушундай эле билдирүүлөрдү президент Дональд Трамп буга чейин да бир нече ирет жасаган.

Мунун алдында америкалык медиа Трамптын мурдагы адвокатына шилтеме кылып, ал 2016-жылдын июнунда кеңешчилери шайлоо өнөктүгүнө жардам сунуш кылган орусиялык делегация менен жолугушуусун күн мурунтан билгенин кабарлаган.

СNN жана NBC телеканалдарынын билдиргенине караганда, мурдагы адвокаты Майкл Коэн "президенттин уулу, кичүү Дональд Трамп атасына орусиялыктардын сунушу тууралуу айтканына күбө болдум жана Трамп ал жолугушууну жактырган" деп ырастаган.

Азыр үстүнөн иликтөө жүрүп жаткан Коэн, маалыматтарга караганда, ушул маселе боюнча Орусиянын 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого кийлигишүүсүн иликтеп жаткан атайын прокурор Роберт Мюллердин тобуна көрсөтмө берүү ниетин билдирген.

Бирок CNN өз булактарына шилтеме кылып, президенттин мурдагы адвокатында маалыматын ырасташ үчүн аудиотасма өңдүү далил жоктугун да кабарлады.

Буга чейин Трамптын уулу, адвокаттары, администрациясынын башка өкүлдөрү да орусиялыктар менен жолугушуу тууралуу эч нерсе билбегенин бир нече жолу айтышкан. Ал жолугушуулар тууралуу алгачкы маалыматтар коомчулукка 2017-жылы июль айында белгилүү болгон.

Президент Трамп быйыл 17-июлда АКШнын чалгын жамаатынын "Орусия 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого кийлигишкен" деген бүтүмүнө макул экенин айтып, бирок Орусия менен анын шайлоо штабы ортосунда эч кандай “келишүү” болгон эмес деп кайрадан ырастаган. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG