Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:03

Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү айдын мыкты телеберүүсү деп табылды


Маркум Уланбек Эгизбаевдин сыйлыгы. Прага, 27-июль, 2018-жыл.
Маркум Уланбек Эгизбаевдин сыйлыгы. Прага, 27-июль, 2018-жыл.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ички сынагында “Айдын мыкты телеберүүсү” деп табылды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун комиссиясы берүү ички сынакта жеңгенин күбөлөндүргөн сертификатты кыргыз редакциясына 27-июлда тапшырды. Калыстар тобу Уланбек Эгизбаевдин программасын “Айдын мыкты телеберүүсү” деп тапкан бүтүмүн анын көзү тирүүсүндө эле чыгарган.

“Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү Кыргызстанда чоң резонанс жараткан телеберүү болгон.

“Азаттык” радиосу берүүнү алгач ЭлТР телеканалынан берип, интернет сайтына жарыялаган. Аны кийин Коомдук телеканал (КТРК) да кайталап көргөзгөн.

Берүүнүн кыскартылган варианты “Эркин Европа/Азаттык” радиосунда англис жана башка тилдерге да которулган.

Коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ачкан бир топ ири иликтөөлөрдүн автору, "Азаттык" радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында каза болду.

Сөөгү 24-июлда кичи мекени Кочкор районунда жерге берилди. Милиция ал Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткенин билдирген.

Анын өлүмүнүн себептерин иликтеген соттук-медициналык экспертизанын акыркы толук жыйынтыгы бир ай ичинде чыгышы керек. (UE)

XS
SM
MD
LG