Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Оштун мэри ишин Кытай куруп жаткан бейтапкананы көрүүдөн баштады


Таалайбек Сарыбашевдин бейтапкананы көрүп жаткан учуру. 28-июль, 2018-жыл.
Таалайбек Сарыбашевдин бейтапкананы көрүп жаткан учуру. 28-июль, 2018-жыл.

Ош шаарынын жаңы мэри Таалайбек Сарыбашев 28-июль күнү Ак-Тилек кичи районуна курулуп жаткан 150 орундуу оорукананын курулуш иштерин көрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, курулушу 2016-жылдын август айында башталган бейтапкана 99% салынып бүттү. Поликлиника быйыл август айында ишке берилгени турат. Учурда анын айланасын иретке келтирүү жана медициналык жабдыктарды орнотуу жумуштары жүрүүдө.

Долбоорго Кытай мамлекети 2 миллиард сом бөлгөн. Курулушту алып барган 200дөй жумушчунун жарымы коңшу өлкөдөн, жарымы кыргызстандыктар.

Комплекстин жалпы аянты 25 миң чарчы, ал эми курулуштун аянты 12 жарым миң чарчы метрди түзөт. Негизинен имаратка амбулаториялык, стационардык, илимий-изилдөө кеңсеси жана көмөкчү бөлмө кирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG