2018-жылдын башынан бери Кыргызстандын чек арасына кире бериште жана чыга бериште 31 килограмм баңгизат алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, мунун көпчүлүгү кара куурай жана апийим.
Жылдын алгачкы жарымында чек арачылар ошондой эле тилкеден мыйзамсыз өтүп жаткан 13 курал жана 174 даана ок-дарыны кармаган. Отчеттук мөөнөттө товарларды чек арадан мыйзамсыз ташып өтүү боюнча жалпысынан 61 миң 668 факт аныкталган.
Бул операциялар ИИМдин чек арадагы кызматкерлери менен чогуу жүргүзүлгөн. (ErN)