Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Кыргызстан Данияр Үсөнов боюнча Беларуска нота жөнөттү


Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (ортодо) “Беларус улуттук биотехнология корпорациясындагы” (БНБК) салтанаттуу жыйында. Сүрөт булагы: “TUT.BY” интернет-басылмасы. 27-июль, 2018-жыл.
Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (ортодо) “Беларус улуттук биотехнология корпорациясындагы” (БНБК) салтанаттуу жыйында. Сүрөт булагы: “TUT.BY” интернет-басылмасы. 27-июль, 2018-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып, Беларус мамлекетинин расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү боюнча Беларуска нота жөнөттү. Бул тууралуу тышкы иштер мекемеси кабарлады.

Нота 28-июлда Беларустун Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Сергей Ивановго тапшырылды.

Нотада кыргыз тарап "Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилген Данияр Үсөновдун Беларус Республикасынын аймагында жашап жатышы жана ишмердүүлүк жүргүзүшү таптакыр кечиримсиз экенин" белгилеген.

Документте сот жообуна тартылган Кыргызстандын мурдагы аткаминерлерин расмий Минсктин колдоого алышы соңку мезгилде жанданып жаткан кыргыз-беларус мамилесине жана КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ уюмдарынын алкагында биргелешкен кызматташуусуна дагы бир жолу залакасын тийгизери айтылат. Ошондой эле бул кыргыз коомчулугунун нааразылыгын жаратып, 2010-жылкы 7-апрель окуясында каза болгондордун жакындарынын жана жабыр тарткандардын жарасын козгоору белгиленген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларус Республикасын маселеге карата мамилесин өзгөртүп, эл аралык милдеттенмелерди аткарууга дагы бир жолу чакырат.

Беларус медиасы 27-июлда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин жаңы сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземи учурунда тартылган. Анда Үсөновго окшош киши өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырганын, бирикменин директору болоорун билдирген.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик ыңкылаптын катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абак жазасына кесилген. Кыргызстандан чыгып кеткенден бери Үсөновдун сүрөтү эч бир жерде чыккан эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG