Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында ырчы, ойчул акын Туяк Эрназар уулуна эстелик тургузулду. Бул тууралуу "Төөлөс ынтымагы" фондунун жетекчиси Абдикарим Турдуев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында монументти курууга эки миллион сомго жакын акча жумшалган. Аны аталган фонд каржылаган, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жардам көрсөткөн.
Эстеликтин ачылышына бүгүн облустагы активдер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана акындын урпактары катышты.
Заманчыл акын, жамакчы, комузчу Туяк Эрназар уулу 1856-жылы азыркы Кадамжай районунун Пум айылында туулган. Атасы Эрназар Пум айылындагы Төөлөс уруусуна караштуу Карынчы уругунан чыккан. Фергана өрөөнүнө таанымал акын кезинде Токтогул Сатылганов менен айтышка чыккан. Ал 1912-жылы каза болгон.
2016-жылы "Тарых жана маданият жылына" карата өкмөттүн токтому менен Туяк ырчынын туулгандыгынын 160 жылдыгы Баткендеги Кадамжай районунда өкмөттүк деңгээлде белгиленди жана бир томдук жыйнагы жарык көргөн. (ErN)