Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:29

Ысык-Көлдө 11 киши тамакка ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы "Тулпар" пансионатынын жээгиндеги боз үйлөрдүн биринде эс алып жаткан 11 киши тамакка ууланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" район акими Данир Иманалиев билдирди.

Жабыркагандардын экөө Ысык-Көл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, калганы инфекциялык бөлүмгө жаткырылды. Район жетекчиси алардын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп баалап жатканын ырастады.

Уулангандар 45-50 жаштагы курбалдаштар экени, чогуу Чүй облусунун Кемин районунан келгени кабарланды. Алгачкы маалыматтарга караганда, алар Кеминден мал союп, анын этин эс алуучу жайга ала келишкен. Уулануу ошол эттен болгон деп жоромолдонууда. Учурда факты боюнча жергиликтүү бийлик жана милиция териштирүү иштерин баштады.

Быйыл 8-майда Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаторийинде да 22 адам тамактан ууланган. Алардын арасында Ирандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын алты жараны болгон.

31-мартта Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдо жапырт уулануу катталган. Анда ооруканага кайрылгандардын саны 180 кишиден ашкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ресторандын жетекчилигине айып салынган.

Ал эми "Тулпар" пансионатынын жетекчиси Жапар Мукашов уулангандар алардын ашканасынан тамактанбаганын, пансионатта эс алышпаганын билдирди. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG