Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Жарым жылда чек ара эрежелерин бузган 260 адам кармалды


Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

2018-жылдын алгачкы жарымында чек ара эрежелерин бузган 260 адам кармалды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Булардын ичинен 96 адам чек ара тилкесинен өткөндөр, 148 адам мамлекеттик чек аранын тартибин бузгандар жана 16сы чек арадагы аймактын тартибин бузгандар. Кармалган жарандардын баары тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

2017-жылы 12 айда Кыргызстандын чек ара тилкесин бузган 218 адам кармалган. Эреже бузгандардын 68и башка бирөөнүн паспорту менен кармалса, тогузу жасалма паспорт менен кармалган. Дагы 28 киши документтеринин бир бөлүгүн бурмалаганы аныкталып, беш киши документи жок бараткан жерден колго түшкөн. Калгандары өткөрмө бекеттен башка жайдан өткөн жана чек арада коюлган эрежелерди бузган.

Мамлекеттик чек ара кызматы өлкөгө кирген жана чыккан учурда башка бирөөнүн паспортун же жасалма документти колдонгондор кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Бул боюнча айыпталгандар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. (ErN)

XS
SM
MD
LG