Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Нарында диндин учурдагы абалы талкууланды


Караколдогу форум.
Караколдогу форум.

Нарын шаарында “Кыргызстандагы конфессия аралык диалогду өнүктүрүү жана анын азыркы абалы” деген форум өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарова билдирди.

Форумга казыяттын, орус-православ, рим-католиктик чиркөөлөрүнүн, иудаисттер коомунун, буддизм жана башка конфессиялардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, эксперттер катышты.

Жыйында коомдогу туруктуулукту, мамлекеттик-конфессионалдык жана конфессия аралык ынтымакты орнотуу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү маселеси талкууланды. Ошондой эле калктын рухий жана адеп-ахлактык дүйнөсүн байытуу маселелери боюнча да сөз жүрдү.

Кеп болуп жаткан форум алгач Бишкекте 2017-жылдын ноябрь айында өткөн. Өкмөттүн “2015-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу планынын" алкагында жыйындар аймактарда да өткөрүлүп келет.

Быйыл мындай жыйындар 11-июлда Таласта, 18-июлда Чүйдө өткөн. Өлкөнүн калган облустарында жакын арада өтөт. Жыйынтыктоочу республикалык дин аралык форумду ушул жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында өткөрүү пландалууда.

Бул иш-чараларды уюштурууга ЕККУ жана АВЕП өкмөттүк эмес уюму көмөктөшүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG