Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Жети-Өгүздө "Алтын кум" фестивалы өтүп жатат


"Алтын кум" фестивалы. Кум үстүндөгү воллейбол оюну. 29-июль, 2018-жыл.
"Алтын кум" фестивалы. Кум үстүндөгү воллейбол оюну. 29-июль, 2018-жыл.

Жети-Өгүз районунун Тосор айылында, көлдүн жээгинде спорттук жана музыкалык "Алтын кум" фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" иш-чараны уюштуруп жаткан “Тосор” коомунун өкүлдөрү билдиришти.

Алардан алынган маалыматка караганда, фестивалда футбол, волейбол жана самбо боюнча мелдештер кум үстүндө өтүп жатат. Андан тышкары суу оюндары боюнча да мелдештер уюштурулду.

Бул иш-чарага өлкөнүн аймактарынан спорттук командалар чакырылган. Алардан футбол боюнча 24 команда, кыздардын волейбол мелдешине сегиз команда, эркектердин волейбол мелдешине 15 команда жазылган. Мындан сырткары Тажикстандан да бир команда келди.

Бул фестивал экинчи ирет өтүп жатат. Ал былтыр да Тосор айылынын эс алуу аймагында болгон. Уюштуруучулар бул иш-чара айылдын жаштарын спортко, ыр-күүгө, маданиятка тартуу максатын көздөй турганын айтышты. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG