Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:38

Ысык-Көлдө тамакка уулангандардын абалы дурус


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл райондук ооруканасына 28-июлда тамакка ууланып түшкөн 11 адамдын төртөөнүн абалы оңолуп, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди. Ал эми жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган эки киши да өзүнө келип, стационардык палатага которулду.

Район жетекчиси ошондой эле ууланган адамдар жеген тамак-ашы лабораторияга жиберилгенин, жыйынтыктары күтүлүп жатканын белгиледи.

Данир Иманалиев 28-июлда Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы "Тулпар" пансионатынын жээгиндеги боз үйлөрдүн биринде эс алып жаткан 11 киши тамакка ууланып, райондук ооруканага жеткирилгенин кабарлаган. Жабыркагандардын экөө жандандыруу бөлүмүнө, калганы инфекциялык бөлүмгө жаткырылган эле.

Уулангандар 45-50 жаштагы курбалдаштар экени, чогуу Чүй облусунун Кемин районунан келгени кабарланган. Баштапкы маалыматтарга караганда, алар Кеминден мал союп, анын этин эс алуучу жайга ала келишкен. Уулануу ошол эттен болгон деп жоромолдонгон. Факты боюнча жергиликтүү бийлик жана милиция териштирүү иштерин баштады.

Ал эми "Тулпар" пансионатынын жетекчиси Жапар Мукашов уулангандар алардын ашканасынан тамактанбаганын, пансионатта эс алышпаганын билдирди. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG