Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:06

Индонезиядагы жер титирөө 13 кишинин өмүрүн алды


Ломбок аралы, 29-июль.
Ломбок аралы, 29-июль.

Индонезиянын туристтер көп барган аймагында 29-июлда болгон жер титирөөдөн кеминде 13 киши каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты.

Күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө Индонезиянын Ломбок аралында болгонун өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Сутопо Пуруо Нугхоро билдирди. Анын айтымында, курмандыктардын саны дагы көбөйүшү ыктымал. Каза тапкандардын арасында бир малайзиялык бар экени аныкталды.

Бали аралынан 40 чакырым жерде жайгашкан Ломбок аралына туристтер көп барат.

2004-жылы декабрда Индонезиянын Суматра аралында болгон жер титирөөдөн кийин цунами пайда болуп, 220 миңден ашык киши көз жумган. (BCh)

XS
SM
MD
LG