Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Тажикстандагы автокырсыкта төрт чет өлкөлүк мерт болду


Дангара районундагы автокырсык катталган аймак.
Дангара районундагы автокырсык катталган аймак.

Тажикстандын түштүгүндө жекшемби күнү чет өлкөлүк велосипедчилер тобун автоунаа сүзүп кетип, андан төрт адам каза тапты. Дагы үч чет өлкөлүк жаран жеңил жаракат алганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Кырсыкка себепчи болгон айдоочу окуя болгон жерден унаасын айдап качып кеткен. Бирок окуядан көп өтпөй 21 жаштагы жигит кармалганы белгилүү болду. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү каза тапкандар кайсы өлкөнүн жарандары экенин айтыша элек.

АКШнын Душанбедеги элчилиги каза тапкандардын арасында эки америкалык жаран бар экенин билдирди.

"Франс-пресс" агенттиги өз булактарына таянып, велосипедчилер тобунда АКШ менен Нидерланддын экиден жарандары болгонун жазып чыкты.

Автокырсык баш калаа Душанбеден түштүктү көздөй 150 чакырым алыстыктагы Дангара районунда болгон. Үч чет өлкөлүк жаран кырсык болгон жерде мүрт кетип, төртүнчүсү ооруканада жан берген.

XS
SM
MD
LG