АКШнын Жаңы Орлеан шаарындагы соода борборлорунун биринин жанында эки киши ок атып, андан үч адам каза болуп, жетөө жарадар болду. “Ишемби күнү кечинде алар чогулуп тургандардын жанына келип ок атышкан” деп билдирди полициянын жетекчиси Майкл Харрисон.
Харрисон журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ок аткандардын биринде тапанча, экинчисинде мылтык болгонун айтты.
Атылган октон эки эркек, бир аял каза тапты. Беш эркек, эки аял жарадар болгон. Учурда алар ооруканада дарыланып жатат. Алардын биринин абалы оор. Полиция кылмышкерлерди табууга жардам берүүгө чакырды. (TSh)