Президент Сооронбай Жээнбеков “Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жөнүндө мыйзамга” киргизилген өзгөртүүгө кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлады. Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.
Мыйзамда "жергиликтүү кеңештин депутаттарынын күбөлүгү менен төш белгисин камсыз кылуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга тапшырылсын" деп жазылган.
Мыйзамдагы карама-каршылыктардан улам 2016-жылдан бери жергиликтүү кеңештердин эл өкүлдөрүнө төш белги берилбей калган. Ошондон улам парламент 2018-жылдын 28-июнунда мыйзамга өзгөртүү киргизип, аны кабыл алган. Кыргызстанда жергиликтүү кеңеште сегиз миңге жакын депутат бар.