“Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн жүз күндүк иши боюнча “Азаттыкка” комментарий берип, өкмөттү "реалдуу кадамдарды жасай алган жок" деп сындады.
- Өкмөттүн ишке киришкенине жүз күн болду. Бул убакытта негизи деп эсептелген, олуттуу, тез аткарыла турган реформаларды башташы керек эле. Тилекке каршы айтылган иштер баары кагаз жүзүндө калды, - деди Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов өкмөттүн чөнтөк телефондорду каттатуу акысы жана таза суу үчүн 100 сом алуу жөнүндө сунуштарын чийки долбоорлор катары баалады.
Парламенттин ишеним көрсөтпөө аракетинен кийин мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 19-апрелде иштен кеткен. 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев жана анын командасы Жогорку Кеңештин колдоосу жана президенттин жарлыгы менен ишин баштаган. Жаңы өкмөттүн тең жарымы жаңы министрлер менен толукталган, ошол эле кезде мурдагы өкмөттүн курамындагылар да калган. (TSh)