Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

Үсөновдун мурдагы жубайы: Даниярды 2010-жылдан бери көрө элекмин


Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов. Сүрөт булагы: “TUT.BY” интернет-басылмасы. 27-июль, 2018-жыл.
Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов. Сүрөт булагы: “TUT.BY” интернет-басылмасы. 27-июль, 2018-жыл.

Парламенттин депутаты Динара Исаева мурдагы күйөөсү, Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, азыр издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Исаеванын айтымында, ал Үсөновду 2010-жылдан бери көрө элек.

- Мен анын кайда экенин билбейм. Биздин чогуу жашабай калганыбызга сегиз жыл болду. Мурда да "аты-жөнүн өзгөртүп алыптыр" деп жазып жүрүшкөн. Мен анда "жөн эле жазып жатышат го" деп ойлогом. Азыр Интернетти тараган сүрөттөн Даниярдын өзүн эле көрүп турам. Бирок жаман же жакшы деп айта албайм. Ага 2010-2011-жылдары жолуккам. Мен Кыргызстанга келдим, ал башка жакка кеткен, - деди Динара Исаева.

Беларусь медиасы 27-июлда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөр “Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземи учурунда тартылган. Анда Үсөновго окшош киши өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырганын, бирикменин директору болорун билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып, Беларусь мамлекетинин расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү боюнча Минскке нота жөнөттү.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абак жазасына кесилген. Кыргызстандан чыгып кеткенден бери Үсөновдун сүрөтү эч жерде чыккан эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG