Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Данияр Үсөновго байланыштуу маселени парламент комитети карайт


Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (ортодо) “Беларусь улуттук биотехнология корпорациясындагы” (БНБК) салтанаттуу жыйында. Сүрөт булагы: “TUT.BY” интернет басылмасы. 27-июль, 2018-жыл.
Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (ортодо) “Беларусь улуттук биотехнология корпорациясындагы” (БНБК) салтанаттуу жыйында. Сүрөт булагы: “TUT.BY” интернет басылмасы. 27-июль, 2018-жыл.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновго байланыштуу маселе депутаттар эс алуудан келгенде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин төрагасынын орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев ​билдирди. Ал соңку жылдары Беларусь менен сууп калган мамиле оңолуп баратканын кошумчалады.

- Бизде Беларусь менен көп келишимдер жок. Бакиевдер кеткенден кийин эле кээ бир маселелерде мамилелер жакшы болбой калган. Акыркы убакта алакабыз оңолуп келе жатты эле. Эми Данияр Үсөнов чыкты. Сентябрда иш башталганда карайбыз, мындай маселени сөзсүз караш керек. Балким ошол жакта Кыргызстанда уурдаган акчасын салып жаткандыр? Аны карап көрүш керек.

Беларусь медиасы 27-июлда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөр “Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземинде тартылган. Анда Үсөновго окшош киши өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырып, бирикменин директору болорун билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ат менен чыгып, Беларусь мамлекетинин расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү боюнча Минскке нота жөнөттү.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмышы үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абак жазасына кесилген. Кыргызстандан чыгып кеткенден бери Үсөновдун сүрөтү эч жерде чыккан эмес. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG