Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:37

Бишкек мэрлигине талапкер кыргыз тилинен сынак тапшырат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

31-июлда Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлер мамлекеттик тилден сынак тапшырат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 26-июлда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо үчүн талапкерлердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо максатында комиссиянын курамын бекиткен. Талапкерлер шаршемби күнү 14:00дө БШКнын имаратында сынак тапшырат. 

Азырынча мэрлик кызматка Азиз Суракматов гана талапкер катары арызын тапшырды. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Ага альтернатива боло турган талапкерлер көрсөтүлөр-көрсөтүлбөсү азырынча белгисиз. Документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда кечки саат 18:00дө аяктайт.  (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG