Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Салык кызматкери пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тараткан маалыматка караганда, Бишкектин Свердлов райондук салык кызматынын өкүлү 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Маалыматка караганда, бул мекемеге жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, салыкчы андан ишти оң жагына чечип бериш үчүн акча талап кылып жатканын айтып кайрылган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 313 (“Пара талап кылуу”) беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG