Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Пакистанда шайлоонун жыйынтыгын иликтөө талабы коюлууда


Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Наваз Шариф.
Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Наваз Шариф.

Пакистанда учурда камакта отурган мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин партиялаштары өткөн аптадагы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып, бийликтен расмий иликтөө баштоону талап кылышууда. "Пакистандын мусулмандар лигасы" шайлоонун жыйынтыгын иликтей турган "соттук комиссия" түзүү керек экенин 29-июлда билдирди.

"Биз 25-июлда болгон окуяларды иликтеш үчүн соттук комиссия түзүлүшүн талап кылабыз. Биз добуш бурмалоолор жана башка фактылар боюнча өз баяндамабызды жарыялайбыз", - деп билдирди журналисттерге партиянын жогорку жетекчилеринин бири Хаважа Асиф.

Шаршемби күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына ылайык, оппозициячыл саясатчы, мурдагы крикет оюнчусу Имран Хандын "Техрик-е-Инсаф" партиясы 269 округдун 115инде жеңишке жетишкен. Бирок коалициялык көпчүлүктү түзүш үчүн талап кылынган 137 мандаттык чекти багындыра алган эмес. Наваз Шарифтин партиясы 64, киши колдуу болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун уулу Билавал Бхутто жетекчилик кылган "Пакистан элдик партиясы" 43 депутаттык мандатка ээ болгон.

Мурдагы премьер-министр Наваз Шариф "өлкөнүн армиясы сот системасына таасир көргөзүп, анын партиясынын шайлоодо жеңип чыгышына тоскоол болду" деп билдирген. Пакистандын армия жетекчилери мындай дооматтарды четке каккан. Борбордук шайлоо комиссиясы майда техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам бюллетендерди саноо кечиккенин, бирок добуштар бурмаланбаганын билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG