Зимбабвенин жарандары өлкөнү 37 жыл башкарган Роберт Мугабе кызматтан кеткенден кийин биринчи жолу жаңы президентти шайлап жатышат. 30-июлдагы шайлоодо негизги атаандаштык Мугабенин ордун баскан 75 жаштагы азыркы президент Эммерсон Мнангагва менен оппозициядагы "Демократиялык өзгөрүүлөр үчүн кыймылынын" 40 жаштагы лидери Нельсон Чамизанын ортосунда болмокчу.
Президенттик шайлоо менен бирге Зимбабведе дүйшөмбүдө парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор да өтүп жатат. Алардын жыйынтыгы 4-августта белгилүү болот.
94 жаштагы Роберт Мугабе Зимбабве 1980-жылы эгемендик алгандан бери бийликтен түшпөй келип, өткөн жылы армиянын кысымынан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Анын башкаруусу саясий куугунтук жана экономикалык кыйынчылыктар менен коштолду.
Зимбабведеги Мугабе катышпаган биринчи президенттик шайлоого бир катар эл аралык уюмдардын байкоочулары көз салууда.
Оппозиция бюллетендердин бекем сакталганы күмөн жаратаарын, шайлоочуларды коркутуу сыяктуу маселелер бар экенин билдирип жатат.