Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

ММА мушкерлери Азия чемпионатынан үч алтын медаль тагынды


Сүрөттө: (Солдон оңго карай) 2-катарда ММА боюнча Азия чемпиону Эдилбек Шакирмаматов, 3-катарда Кыргызстандын ММА жана Панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков. 29-июль, 2018-жыл.
Сүрөттө: (Солдон оңго карай) 2-катарда ММА боюнча Азия чемпиону Эдилбек Шакирмаматов, 3-катарда Кыргызстандын ММА жана Панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков. 29-июль, 2018-жыл.

Кыргызстандык мушкерлер таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча Кытайдын Харбин шаарында өткөн Азия чемпионатында үч алтын, бир коло байгенин ээси болушту. Кыргызстандын ММА жана Панкратион федерациясынын өкүлдөрү билдиришкендей, WMMAA (Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча дүйнөлүк ассоциация) уюму уюштурган бул мелдеш 28-29-июль күндөрү өтүп, 10 салмакта байгелер ойнотулган. Ага тогуз өлкөнүн спортчулары катышкан. Кыргызстандын намысын төрт спортчу коргоду.

Алтын байгелерди Чыңгыз Бегматов (61 кг.), Бакберген Үсөнов (65.8 кг.) жана Эдилбек Шакирмаматов (84 кг.) алып, чемпиондук кур тагынышса, коло байгени Таабалды уулу Акжол (77 кг.) алды.

Жалпы командалык эсепте Кыргызстан 3-орунду ээледи. Көч башын Казакстандын командасы жетектесе, 2-орунда Кытайдын командасы жайгашты.

XS
SM
MD
LG